Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:58

Абдыганы Эркебаев кызматтан кетүү арызын жазды


Бул тууралуу бүгүн Улуттук илимдер академиясында өткөн жалпы жыйында Эркебаев өзү айтты. Ал өз сөзүндө Илимдер академиясы реформанын алкагында жоюлуп кетүү алдында турган учурда, жамааттын ичи биригүүнүн ордуна экиге бөлүнүп, ушак, эки жүздүүлүк, маалыматты сыртка ташуу өңдүү көрүнүштөр күчөгөнүн кошумчалады.

Эркебаев учурда кырдаалдан чыгуунун үч жолу бар экенин, биринчиси - ички жана сырткы көрүнүшкө чыдоо болсо, экинчиси - агым менен кошо аракеттерди улантуу, үчүнчүсү - кызматтан кетүү аргасы экенин айтып, ал акыркысын тандаганын билдирди.

Жылдык жыйын курч пикирлер менен коштолуп, айрым кызматкерлер жамаат ичинде башка татыктуу жетекчилер бар экенин айтса, ошол эле учурда Абдыганы Эркебаевди президенттик кызматта калуусун өтүнгөндөр болду.

Жыйын учурунда Абдыганы Эркебаевдин жылдык отчётун угуу кийинкиге калтырылып, аны менен чогуу Илимдер академиясынын жетекчилик кызматынан кетүү арызын кароо кийинкиге калды.

Абдыганы Эркебаев 2012-жылы Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткарып, бир жылдан кийин академиянын окумуштуулар кеңеши тарабынан расмий президент болуп шайланган. (SDz)

XS
SM
MD
LG