Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:29

Чубак ажы Жалилов муфтийликтен талапкерлигин алып койду


Чубак ажы Жалилов.
Чубак ажы Жалилов.

Диний аалым Чубак ажы Жалилов 4-апрелдеги шайлоого катышпай турганын Фейсбуктагы баракчасына жазды. Кыргызстандагы мусулман журтчулугуна жасаган видеокайрылуусунда Чубак ажы Жалилов муфтийликке талапкерлиги Аалымдар кеӊешинин мүчөлөрү тарабынан сунушталганын, бирок өз каалоосу менен шайлоодон алып салганын маалымдаган:​

- Өзүмдүн ысымымды Азирети муфтийликке талапкерликтен, өзүм каалап койбосом да, алып салууну чечтим. Ыйманга, акыйкатка, элге жана мамлекетке кызмат кылуу кайсы бир орун менен чектелбейт. Молдолуктун окуусун окуган адам сөзсүз эле муфтий болуп кызмат кылуусу шарт эмес.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысын шайлоо 4-апрелде болот. Ага Чубак ажы Жалиловдон тышкары азыркы муфтий Максат ажы Токтомушев менен окумуштуу, диний аалым Ниязалы Ариповдун талапкерлиги сунушталган. 4-апрелде муфтийден сырткары Муфтияттын борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы да шайланат жана Аалымдар кеңешинин курамы жаңырат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG