Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:02

Петербург: метродогу жарылуу


Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын метросунда дүйшөмбүдө түш оой болгон жардыруудан кеминде 14 адам мерт болгону тастыкталды.

Бул тууралуу шаар башчысынын басма сөз катчысы Андрей Кибитов "Россия-24" телеканалына билдирди. Кибитов Твиттердеги барагына жазгандай, жаракат алгандардын саны 5одөн ашты. Учурда "терроризм" беренеси менен кылмыш иши козголуп, эки адамга издөө жарыяланганы маалым болду.

Алдын ала айтылып жаткан божомолдор боюнча, жардырууну жасаган жанкечти Орусияда тыюу салынган радикал мусулман топтору менен байланышта болгон. Ал мурда да жардырууларга тиешеси бар деп шектелип, бирок полицияга өзүнүн күнөөсү жок экенин билдирип келген. 3-апрелде күңүрт түстүү кийимчен бул адам метродогу видеокамераларга түшүп калган. Буга чейин айрым маалымат каражаттары ал кыргызстандык жаран экенин жазып чыгышкан.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Санкт-Петербургдагы терактты ишке ашырууга шектелген адам Кыргызстанда төрөлгөнү тууралуу кабарды ырастады. Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов "Азаттык" радиосуна төмөнкүчө маалымат берди:

- Терактка тиешеси бар экени айтылган жаран Кыргызстанда төрөлгөнү аныкталды, кийинчерээк Орусиянын жарандыгын алган. Учурда Кыргызстан менен Орусиянын атайын кызматтары бул багытта кызматташып, иликтөө жүргүзүп жатат.

Атайын кызмат шектүү тууралуу толук маалымат азырынча берилбей турганын билдирүүдө.

"Поезд токтогон жок.."

Орусиянын Терроризмге каршы улуттук комитети кабарлагандай, жардыруу жергиликтүү саат боюнча 14:40та шаардагы "Технологический институт" жана "Сенная площадь" метро станцияларынын ортосундагы поездде болгон. Айрым жергиликтүү маалымат каражаттары "Площадь Восстания" станциясында жарылбай калган бомба табылганын жазып чыгышты.

Санкт-Петербургда жүргөн Орусиянын президенти Владимир Путин 3-апрель күнү кечинде жардыруу болгон жерге келип, гүлчамбар койду.​ Ал коопсуздук күчтөрү бул окуя боюнча бардык версияны иликтеп жатканын айтты:

- Курман болгондордун жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтам. Атайын кызматтардын башчылары, анын ичинде ФСБнын директору менен сүйлөштүм. Коопсуздук күчтөрү жана атайын кызматтар окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн бардык аракетти көрөт, - деди Петербургда өткөн маалымат жыйында.

Окуя болгон метрого келген губернатор Георгий Полтавченко мерт кеткендердин жана жараат алгандардын саны такталып жатканын билдирген.

- Жардыруу болду. Азырынча жарылган зат белгисиз. Жабыркагандардын саны жыйырмадан ашты. Мерт кеткендер онго чукул.

Социалдык тармактардагы окуя болгон жердеги фото-видеолордон түтүн каптаган станция, талкаланган поезддин жанында жаткан кишилерди көрүүгө болот.

- Вагондо жаштар көп болчу. Аялдар турган. Менин маңдайымда баласы менен байбиче отурган. Алар аман калышты. Жарылган буюм вагондордун туташкан жеринде окшойт. Поезд токтобогону жакшы болду. Катуу ылдамдык менен кетип баратты. Токтоочу жайга жеткени калганда дагы жолу жарылды окшойт, - деди каргашалуу окуянын күбөсү Наталья Кириллова.

Санкт-Петербургдагы жардыруу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:32 0:00

Кыргызстандыктар аманбы?

Азыркы учурда Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы метродо болгон жарылуудан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар бар-жогу такталууда. "Азаттык" радиосу Санкт-Петербургдагы кыргызстандык студенттердин бири Улан Карыпбаев менен телефон аркылуу байланышты. Ал окуя катталган аймакка жакын жерде болгон.

- Мен кетип бараткан поезддын маңдайындагы поезде жарылуу болду. Адамдар ызы-чуу түшүп калды. Алгач эмне болуп жатканын түшүнгөн жокпуз. Биздин поезд кетип калды. Кийинки аялдамадан гана жардыруу болгонун айтышты. Анан полиция вагондорду текшерип баштады. Мен бардык тааныган кыргызстандыктарга чалып чыктым. Аман-эсенбиз деп социалдык тармактарга дагы жазып атышат. Азырынча жараат алган кыргызстандыктар жөнүндө маалымат жок.

Дүйнө лидерлери окуя боюнча орус бийликтерине көңүл айтууда. Шаарда үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Санкт-Петербургда метро түйүнү убактылуу жабылып атайын топ иштеп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG