Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:08

Алматыда Муктар Аблязовдун соту башталды


Муктар Аблязов
Муктар Аблязов

Казакстандын Алматы шаарында бозгундагы олигарх жана оппозициячыл ишмер Мухтар Аблязовдун соту башталды.

3-апрелдеги соттук териштирүүгө Аблязов өзү катышпаса да аны менен кошо айыпталган үч адам сот залына алынып келинди. Алардын бирөө айыптарды четке какса, калган экөө жарым жартылай күнөөсү бар экенин айтышты.

Мухтар Аблязов 2009-жылдан бери Евробиримдиктин аймагында жашап келет. Прокурорлор Аблязовду Казакстандын BTA банкын башкарып турганда жан-жөкөрлөрү менен беш миллиард доллардын изин жашырган деп айыптап жатат. Бозгундагы оппозициячыл ишмер айыптарды четке кагып, саясий куугунтукка кабылганын айтып келет.

Аблязовго Орусия да издөө салган. Ал 2013-жылы Францияда кармалып, 9-декабрда кайра бошотулган. Франциянын Жогорку административдик соту иштин саясий өңүтү бар деген жүйө менен Аблязовду Орусияга экстрадициялоодон баш тарткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG