Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Аксы районунда жар кулап бир үйдүн дубалын бузуп кетти


Буга чейин Өзгөндө көчкү жүрүп бир үй-бүлөнү басып калган.
Буга чейин Өзгөндө көчкү жүрүп бир үй-бүлөнү басып калган.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жар кулап бир үйдүн дубалын алып кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 4-апрель күнү саат бештер чамасында райондун Жолборсту айылында жар кулап, жанында жайгашкан турак жайдын арткы дубалын бузган. Көчкүнүн көлөмү болжол менен 100 метр куб.

Жабыркагандар жок. Үй тургундары туугандардыкына көчүрүлгөн.

Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кетти.

Бүгүн Базар-Коргондук Улачы айылында да көчкү жүрүп бир үйдүн жарымын басып, үч турак жай коркунучка кептелди. Адистер кооптуу аймактагы жашоочуларды тынч жакка чыгып турууну суранып жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG