Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:33

Петербург: терактка шектүүнүн аты расмий жарыяланды


Санкт-Петербургда үч күндүк аза күтүү жарыяланды
Санкт-Петербургда үч күндүк аза күтүү жарыяланды

Орусиянын иликтөөчүлөрү Санкт-Петербург метросунда бомба жардырды деп шектелген адамды 22 жаштагы Акбаржон Жалилов деп атады. Бул тууралуу Федералдык иликтөө комитети 4-апрелде билдирди.

Иликтөөчүлөр Жалиловдун "генетикалык издерин" Петергбургдун "Площадь Восстания" станциясында табылган бомба салынган баштыктан да табышкан.

"Генетикалык тест жана көзөмөл камералардын видеолору метродо теракт жасаган адам баштыкты "Площадь Восстания" станциясына таштап кеткен деп айтууга негиз берет",-деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.

Буга чейин орус иликтөөчүлөрү Санкт-Петербургда 14 кишинин өмүрүн алган терактка шектүү адамдын сөөгүнүн калдыктарын жардыруу болгон жерден табышканын кабарлашкан.

Кыргызстандын коопсуздук комитети Жалилов Кыргызстанда туулганын, кийин орус жарандыгын алганын тастыктаган.

Дүйшөмбү күнү түш оой Санкт-Петербургдагы эки метро станциясынын ортосунда поезд вагону жарылган. Андан көп өтпөй дагы бир метро станциясында жарылбай калган бомба табылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG