Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:51

Венгрия: Сорос университетин бутага алган мыйзам жактырылды


Будапешттеги студенттердин нааразылыгы, 2-апрель 2017-жыл.
Будапешттеги студенттердин нааразылыгы, 2-апрель 2017-жыл.

Венгриянын парламенти америкалык миллиарддер Жорж Сорос негиздеген университетти күч менен жабууга мүмкүнчүлүк берген жаңы мыйзамды кабыл алды.

4-апрелде кабыл алынган мыйзамга ылайык, Венгриядагы чет өлкөлүк университеттердин өз өлкөлөрүндө студенттик шаарчасы (кампусу) болушу керек жана эки жакта тең окшош сабактар окутулушу зарыл. Сынчылар бул мыйзам Соростун Будапешттеги Борбордук европалык университетин бутага алат дешет.

Венгр премьер-министри Виктор Орбан бул университетти либералдык оппозициянын таянычы катары көрөт. Буга чейин өкмөттүн айрым мүчөлөрү Соростун уюмдарын "агенттер" деп атап, алар жок болоорун айткан.

2-апрелде миңдеген студенттер университетти коргоп, демонстрацияга чыгышты. Борбордук европалык университет чечимге каршы турууга убада берди.

1991-жылы ачылган университеттин дүйнөнүн жүз өлкөсүнөн келген 1400дөй студенти бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG