Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:06

Садыр Жапаров: Менин абалым жакшы


Садыр Жапаровдун №47 абактагы сүрөтү.
Садыр Жапаровдун №47 абактагы сүрөтү.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат кызматы №47 абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун үч жарым мүнөттүк видеосун жарыялады. Жапаров анда ден соолугу жакшы экенин жана башкаларды ал үчүн кооптонбой эле коюуларын айткан. Ошондой эле абактын кызматкерлерине эч кандай доосу жана нааразылыгы жок экенин билдирген. Жарыяланган бул видеодо маалым болгондой, Жапаровду эки кызматкер дайыма кайтарып жүрөт. Ал бычакты өзү жаздырып алганын жана колун жана мойнун кескен учурда нес абалда болгонун кошумчалаган.

Видеодо саясатчы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрүн дайыма мыйзамдарды сактоого да чакырган.

Бишкектеги №1 тергөө абагында камалып турган экс-депутат Садыр Жапаров 2-апрелде таңга жуук мойну жана колу кесилген абалда №47 абактын санитардык бөлүмүнө жеткирилген.

Жаза аткаруу кызматы Жапаровдун абалы канааттандырарлык экенин, мойну менен колун өзү кескенин билдирген. Бирок экс-депутаттын туугандары буга ишенбей турганын, ага басым болуп жатат деген ойлорун айтып жатышкан болчу. 4-апрелде айрым маалымат каражаттары да Жапаровдун колу жана мойну кесилген учурда жерде жаткан сүрөттөрүн жарыялап жиберишкен.

Садыр Жапаров 25-мартта чет элден келген учурда колго түшкөн. Ал 2013-жылы Кумтөргө байланыштуу митингдерде мыйзамсыз аракеттерди уюштурууга шектелип кармалган.

Жапаровду колдогон митингде кармалган 12 адам эки айга соттолгон. Анын ичинде Садыр Жапаровдун баласы жана агасы сыяктуу туугандары да бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG