Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:12

Президент баш прокурорго өз кирешеси боюнча маалымат берди


5-апрелде Президент Алмазбек Атамбаев баш прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, 2010-жылга чейинки кирешеси тууралуу документтерди берди.

Атамбаев 2003-жылы январда Түркиянын Измир шаарындагы өнөр жай ишканасындагы өзүнө таандык акциялар пакетин түркиялык ишкерге 45 миллиард түрк лирасына же ал кездеги курс менен 35 млн долларга сатканын күбөлөндүргөн документтерди башкы прокурорго берди. Келишим тууралуу Түркиянын тийиштүү маалымат бюллетенинде 2003-жылы 31-январда жарыяланганын белгиледи.

"Бул документтер "Атамбаевдердин үй-бүлөсүнүн акчасы 2010-жылдан кийин гана пайда болгон" деген Өмүрбек Текебаевдин сөздөрү жалаа экенин ырастайт" - деп айтылат президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмү тараткан билдирүүдө.

Президент муну менен катар Текебаев жана анын бир катар партиялаштары, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү да өздөрүндө жана жакын туугандарында 2010-жылы 7-апрелден кийин пайда болгон миллиондогон кирешелери тууралуу маалыматтарды берүүгө тийиш экенин айтты. "Муну өлкө коомчулугу талап кылып жатат! Башкы прокуратура Жазык кодексинин мыйзамсыз баюу тууралуу тийиштүү беренелерин эске алууга тийиш" ,- деп кошумчалаган Атамбаев.

Учурда камакта жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев быйыл 31-январда маалымат жыйын куруп, президент Алмазбек Атамбаев байлыгын кантип топтогонун иликтеп жатканын жарыялаган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG