Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:18

Петербургда борборазиялык алты адам кармалды

Санкт-Петербург.
Санкт-Петербург.

Санкт-Петербургда 14 адамдын өмүрүн алган жардыруудан кийин теги борборазиялык алты адам кармалды. Бул тууралуу Федералдык иликтөө комитети 5-апрелдеги билдирүүсүндө кабарлады.

Расмий маалымат боюнча азырынча кармалгандардын дүйшөмбү күнкү метродогу жардырууну уюштурду делген адам менен байланышы бар же жогу тастыктала элек. Алар "Ислам мамлекети" жана "Ал-Нусра фронту" сыяктуу Орусияда тыюу салынган исламчыл согушкерлер топторуна жарандарды азгырган жана террорчул аракеттерге шыктандырган" деп шектелип жатат.

Кармалгандар Орусияга иштегени келгени аныкталды. Укук коргоо уюмдары Санкт-Петербургдагы мигранттарга кайрылып, полициянын рейддери күчөгөндүктөн коомдук жайларга көп чыкпоого чакырды.

Орусиянын иликтөөчүлөрү Санкт-Петербургдагы чабуулду Кыргызстанда төрөлгөн орус жараны уюштурду деп билдирген.

XS
SM
MD
LG