Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:40

Москвада кыргыздар теракт курмандыктарын эскеришти


Москвадагы кыргыздар жамааты Санкт-Петербургдагы теракт курмандыктарын эскеришти. 6-апрелде Кызыл аянттын жанындагы Александров багындагы "Ленинград" стелла-постаментине гүлчамбар коюшту. Ошондой эле Санкт-Петербург шаарынын Моквадагы өкүлчүлүгүнө барып эскерүү китибене көңүл айтуу сөздөрүн жазышты.

Иш-чараны Орусиядагы кыргыз диаспорасы уюштурду.

3-апрелде Санкт-Петербургдагы метродо жардыруу болуп, 14 адамдын өмүрү кыйылган. Элүүгө жакыны ооруканага түшкөн. Орус бийлиги муну теракт деп атап, теги кыргызстандык Акбаржон Жалилов жасаганын маалымдаган.

Кыргызстандын атайын кызматы жана Тышкы иштер министрлиги шектүү Кыргызстанда төрөлгөнүн, бирок Орусиянын жараны экенин кабарлаган.

Терактты ишке ашырууга тиешеси бар деп Орусияда дагы сегиз борборазиялык колго түшкөн. (LzT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG