Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:00

Питердеги террорго шектелгендер эки айга камалды


Санкт-Петербург соту террорчулукка шектелип кармалган сегиз орусиялык, өзбекстандык жана кыргызстандык жарандарды июль айынын башына чейин тергөө абагында кармоо чечимин чыгарды.

Кармалгандар 2015-жылдын ноябрь айынан бери "Ислам мамлекети" жана "Ал-Нусра" сыяктуу террорчул уюмдарга жарандарды азгырган деп шектелүүдө. Тергөөнүн маалыматы боюнча, бул адамдар Орусиянын Сириядагы аскердик операцияларында мусулмандардын өмүрү кыйылганы тууралуу маалыматтарды WhatsApp жана Viber сыяктуу маалымат алмашуу түйүндөрүндө талкуулап келишкен.

5-апрелде кармалган шектүүлөрдүн аты ачык жарыяланган жок.

6-апрелде Петербургда апта башында метродогу жардырууну уюштурган адамга көмөктөштү делген кишилер да кармалган.

Санкт-Петербургда 3-апрелдеги жардыруу баш-аягы 14 адамдын өмүрүн алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG