Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

НАТО Сирияда химиялык курал колдонулганын айыптады


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.

НАТОнун Брюсселдеги штаб квартирасы баш катчы Йенс Столтенбергдин Сирияга байланыштуу билдирүүсүн таратты. Анда Башар Асаддын режими Сириянын Хан-Шейхун шаарында "үрөй учурган" химиялык курал колдонгондон кийин АКШ Шайрат аскердик аэропортуна ракетадан сокку урганы айтылат. Сирия куралдуу күчтөрүнүн чабуулунан ондогон карапайым жарандар, анын ичинде көптөгөн балдар набат болушкан.

"Сириялык режим бул окуялардын өнүгүшү үчүн толук жоопкерчилик тартат. НАТО эл аралык эрежелер менен келишимдерди бузуп, Сирияда химиялык куралды пайдалануу уланып жатканын айыптайт", - деп жазылган билдирүүдө.

Ошондой эле НАТО Сириядагы чыр-чатак саясий жол менен чечүү, тынчтыкка жетишүү багытындагы эл аралык бардык аракеттерди колдой турганы белгиленген.

Идлиб провинциясындагы соңку химиялык чабуулдар үчүн президент Башар Асадды күнөөлөгөн АКШ жумага оогон түнү Сирия өкмөтүнүн аба базасына ракетадан сокку урган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG