Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:34

Атамбаевдин Түркияда сатылган ишканадагы үлүшү боюнча кошумча маалымат берилди


Шаршембиде жарыяланган маалыматта кыргыз президенти 2003-жылы Түркияда жайгашкан компаниядагы 90% үлүшүн 35 миллионго жакын АКШ долларына сатканы ырасталат.

Президенттин маалымат саясаты бөлүмү тараткан кошумча маалыматта Атамбаевдин башкы прокурор Индира Жолдубаева менен жолугушуусу жөнүндө пресс-релиздин текстинде “ишкананын рыноктук наркы жана анын уставдык капиталы боюнча түшүнүктөрдү атайылап эмес чаташтыруунун, демек, негизсиз теӊдештирүүнүн натыйжасында ката маалымат кетип калганы, А.Атамбаев өнөр жай ишканасындагы өз үлүшүн саткандан алган 35 млн чамасындагы АКШ доллары кирешеси менен катар эле анын уставдык капиталдагы үлүшү дагы ката көрсөтүлүп калганы (45 млрд түрк лирасы), буга байланыштуу бөлүм кечирим сурары" айтылат.

Ошону менен катар “дүйнөлүк да, атамекендик да тажрыйбага ылайык, компаниянын уставдык капиталынын көлөмү юридикалык тарапты юстиция органдарында каттоо учурунда уюштуруучулардын баштапкы гана кошкон каражатын чагылдырат жана ишкананын чыныгы базар баасына тикелей байланышы болбойт” деп белгилейт президенттин маалымат кызматы.

5-апрелде президенттик сайтка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, ага 2003-жылы январда Түркиянын Измир шаарындагы өнөр жай ишканасындагы өзүнө таандык акциялар пакетин түркиялык ишкерге ошо кездеги 45 млрд түрк лирасына же ал кездеги курс менен 35 млн долларга сатканын күбөлөндүргөн документтерди бергени тууралуу кабар чыккан. “Ошентип, бул материалдар Ө.Ч. Текебаевдин Атамбаевдердин үй-бүлөсүнүн акчасы 2010-жылдан кийин гана пайда болгон деген сөздөрү жалаа экенин документтер менен ырастайт,” - деп билдирет президенттин маалымат кызматы.

11-апрелде коомдук ишмер Эдил Байсалов президенттин маалымат кызматы тараткан пресс-релиздеги сандарды өз алдынча эсептеп чыгып, Атамбаевдин үлүшү сатылган 45 млрд түрк лирасы 2003-жылы 35 млн доллар эмес, 26 миң долларга гана барабар болгонун жазып чыккандан кийин бул маселе интернет колдонуучуларынын арасында кызуу талкуу жараткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG