Германияда "Боруссия" футболдук клубунун автобусунун жанындагы жардырууга шектүү адамдын радикал исламчылар менен байланышы тууралуу маалымат бар экенин немис полициясы билдирди.
11-апрелде автобустун жанында колго жасалган үч бомба жарылып, германиялык "Боруссия" клубунун оюнчусу Марк Бартра жаракат алган, ага операция жасалды.
Прокуратура окуяны террордук кол салуу катары эсептеди.
Жардыруудан кийин германиялык "Боруссия" жана франциялык "Монако" клубдарынын оюндары бир күнгө жылган. 12-апрель кечинде "Монаконун" 3:2 эсебиндеги жеңиши менен аяктады.
Facebook шеринеси