Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Ак үй Орусиянын Черногориядагы аракетине тынчсызданды


Черногориянын премьер-министри Мило Жуканович.
Черногориянын премьер-министри Мило Жуканович.

Ак үй Черногорияда былтыр өткөн парламенттик шайлоонун жүрүшүнө Орусиянын кийлигишүү аракети болгону тынчсызданды.

Бул тууралуу 12-апрелде Ак үйдүн жогорку даражадагы өкүлү билдирди.

11-апрелде АКШ президенти Дональд Трамп Черногорияны НАТОго мүчө болушуна дагы бир кадам жакындаткан, бир апта мурда АКШ Сенаты жактырган документке кол койгон.

Калкы 600 миңден ашыгыраак Балкандагы мамлекеттин атайын прокурору өткөн жылдын октябрь айында "орусиялык улутчулдардын" тобу премьер-министр Мило Жукановичтин өмүрүнө кол салып, оппозициядагы партияны бийликке алып келип, Черногориянын НАТОго мүчө болушуна тоскоолдук жаратууну көздөгөнүн айтып келет.

Москва эч кандай кутумга тиешеси жоктугун билдирсе, Черногориянын оппозициячыл партиялары айыптоолорду четке кагууда.

НАТОго мүчө 28 өлкөнүн бардыгы Черногориянын альянска мүчө болуу макулдашуусун ратификациялаган соң гана өлкө расмий түрдө уюмга кире алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG