Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:08

Ала-Букада төрөткө күйөөлөрүн катыштыруу тажрыйбасы ишке ашууда


Бул ыкма эне жана балдардын саламаттыгын жакшыртуу максатында аткарылууда. Райондук оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Осмонованын айтымында, акыркы жылда шарттын жакшырышына жана медицина кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатуу аракеттерине байланыштуу балдар өлүмү азайды.

Мурунку жылдыры төрөлгөн 1000 баланын 17си каза болсо. Учурда бул көрсөткүч 14кө түштү. Бул төрөткана былтыр Жапон өкмөтүнүн колдоосу менен толук оңдолуп чыгып, дем алуучу аппараттар берилген.

Мекеме менен таанышкан ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы директору Юкиэ Мокуо эркектерди төрөткө катыштыруу практикасын кеңири жайылтуу керектигин билдирди. Өткөн жылы бул жерде 2400дөн ашык ымыркай көз жарган. (RsK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG