Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:10

Өлкөдө төрт миңдей үй бүлө кооптуу аймакта жашайт


Аба ырайынын жаанчыл болгонуна байланыштуу сел, көчкү жүрүү коркунучу чоң. Кыргызстандын аймагында төрт миң үй бүлөнү коопсуз жайга көчүрүү зарыл экенин “Азаттыкка” берген интервьюсунда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.

- Кооптуу жайлардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында. Баткенде да бар. Жер алдындагы кыртыш суулардын деңгээлинин көтөрүлүп кеткенине байланыштуу Чүй жана Талас облустарында ушундай кооптуу жерлер бар. Ар түрдүү өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу төрт миңдин тегерегиндеги үй-бүлө коопсуз жерге көчүрүлүшү керек.

Сел, жер көчкү түшөт делген кооптуу аймакта жашагандардын көпчүлүгү мамлекеттен акчалай колдоо, жер тилкелерин алышкан. Бирок алардын айрымдары эскертүүлөргө карабастан кооптуу аймакта жашап жатышат. Соңку айда Жалал-Абад облусунда бир нече үйдү жер көчкү басып, адам өмүрү кыйылды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG