Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:10

Түркия чукул кырдаалдарды үч айга узартты


"Түркияда чукул кырдаал режими дагы үч айга узартылганын вице-премьер Нурман Куртулмуш билдирди" деп жазат Би-би-си. Өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңеши укуктук мамлекеттин принциптерин коргоо жана камсыз кылууга көрүлгөн чаралар катары Министрлер кабинетин ушундай кадамга барууга сунуш берген. Түркияда өзгөчө кырдаал 2016-жылы аскерий төңкөрүш аракетинен кийин киргизилип, улам узартылып келет.

Чукул кырдаалдар Түркияда референдум өткөндөн бир күндөн кийин узартылды. Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча өткөн референдумда өлкө калкынын көпчүлүгү президент Режеп Тайып Эрдогандын реформасын колдогон. Муну менен түркиялыктар президенттин ыйгарым укуктарын кыйла кеңейтип, парламенттиктен президенттик байшкаруу системасына өтүүнү тандаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG