Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Балыкчыда ууланган балдар палатага которулду


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Балыкчы шаарында белгисиз газдан ууланган балдардын балдардын абалы орто экенин билдирди. Шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткан бешөө палатага которулуп, дарылоо уланууда.

Министрликтин басма сөз кызматы 12 бала ууланып, ооруканага түшкөнүн, бирөө алгачкы жардамды алып үйгө чыгарылганын маалымдады.

Мурдараак Өзгөчө кырдаалдар министрлиги №3 мектептин 10 окуучусу ооруканада жатканын, бешөөнүн абалы оор экенин билдирген эле.

Окуя 17-апрелде түшкө жуук болгон. Себеби анык эмес. Чоо-жайын милиция териштирип жатат. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG