Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:19

Кыргызстан менен Ирандын соода жүгүртүүсү эки эсе көбөйдү

Бул тууралуу экономика министри Арзыбек Кожошев бүгүн Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-иран бизнес форумунда билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан Иран менен достук мамиленин өнүгүшүнө маани берет. Ошондой эле соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты күчөтүүгө кызыкдар:

- 2016-жылдын жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы товар айлантуунун көлөмү 14,8 миллион долларды түздү. Бул 2015-жылга караганда эки эсе көп, - деди Кожошев.

Бизнес форумга ишкерлер, өкмөт өкүлдөрү, эксперттер катышууда. Ага 18-апрелде Бишкекке келген Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф да катышып жатат. Ушундай эле форум былтыр декабрда Кыргызстанда өтүп, туризм, гидроэнергетика жана өнөр жай багытында кызматташтыкка басым жасалган.  

Өткөн жылы президент Алмазбек Атамбаев менен Иран президенти Хасан Роухани Бишкекте жолукканда Иранды ГЭС курууга катышууга чакырып, энергетика жаатында иштешүүгө кеңири мүмкүнчүлүк бар экени белгилеген. (NT/EBM)

XS
SM
MD
LG