Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

Бишкекте Садыр Жапаровду колдоо акциясы өттү


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Бишкектеги Ак үй алдында бүгүн камактагы саясатчы Садыр Жапаровду жана анын абактагы туугандарын, тарапкерлерин колдоо митинги өттү.

Саясатчынын жубайы Айгүл Жапарова "Эне үнү" деп аталган акцияга 25-мартта УКМК алдындагы митингде кармалып, камакка алынгандардын энелери, жакындары чыкканын "Азаттык" радиосуна билдирди. Алар бийликтен камакка алынгандарды бошотууну суранышты:

- Президенттен жана башка бийлик өкүлдөрүнөн мыйзамсыз кармалган балдарыбызды кое берүүнү өтүндүк. Алар дале камакта калса, биз тынч акцияларыбызды улантабыз, - деди Айгүл Жапарова.

Экс-депутат Садыр Жапаров 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилген. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгону жарыяланган. Ошол эле күнү УКМК алдында топтолгон анын тарапташтары милиция менен тирешип, кармалган жүздөй адамдын ичинен 12 киши эки айга соттолгон. Арасында Садыр Жапаровдун баласы жана агасы бар. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG