Жалал-Абад облусунда 18-апрелден бери жааган жамгырдан улам дарыялар ташып, аймактагы 885 турак-жайдын тургундары башка жакка көчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын жетекчиси Абдишарип Бекилов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, тургундар 21-апрелден тарта үйлөрүнө кайта баштады:
- Жалал-Абад облусунда азыр жамгыр жаап жатат. Жаан-чачындан улам Көк-Арт жана Кара-Үңкүр дарыяларынын 18 жеринен суу жарып чыгып кетти. Адистер кооптуу кырдаалды жойгонго жетишти. Суу азыр өз нугунда агып жатат. Абал туруктуу, бирок кооптуу.
Расмий маалыматтарга караганда, сел коркунучу Жалал-Абаддын Ноокен, Сузак, Аксы жана Базар-Коргон райондорунда, Ош облусунун Араван, Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунда сакталууда. Андан тышкары, Майлуу-Суу шаарында жана башка тоолуу аймактарда жер көчкү жүрүп жатат.(SE)
Facebook шеринеси