Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Жыргалаңда дайынсыз болуп жаткан эки жумушчу аман табылды


Ысык-Көлдүн Жыргалаң көмүр кенинде дайынсыз болуп жаткан эки адам аман-эсен табылды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Жыргалаң айыл өкмөтүнүн башчысы Талгат Мукалаев кабарлады:

- Саат 10до табылды. Жаңы чыгардык. Өзүлөрү басып чыкты. Тирүү. Баары жакшы. Азыр медиктер карап чыгат. Бири-бирибизди куттуктап жатабыз.

Мукалаевдин белгилешинче, алар 42 сааттан бери белгисиз болуп жаткан.

Шахтада уранды басып калды деп божомолдонуп жаткан эки адамды издөө-куткаруу иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери, жергиликтүү элден ыктыярчылар жана аймактагы күч кызматкерлери, жалпысы болуп 250гө чукул киши тартылган. Кумтөр алтын кенинен атайын насостор алынып келинген.

22-апрелде 17:30 чамасында “Дөргө көмүр” көмүр казуу ишканасы жардыруу иш-чараларын жүргүзгөн, натыйжада эски чуңкурда топтолуп турган суу жаңыдан казылып жаткан өтмөккө куюлуп, иштеп жаткан Кайрат Дөргөев менен Азамат Тойматовдун дайыны жок болуп жаткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG