Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:54

Наманганда кыргыз-өзбек чек ара сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды


Кыргыз-өзбек чек арасы
Кыргыз-өзбек чек арасы

Өзбекстандын Наманган шаарында кыргыз-өзбек чек ара маселелерин талкуулоо боюнча жумушчу топтордун кезектеги кеңешмеси жыйынтыкталды. Ага кыргыз тараптан өкмөттүк аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары, өкмөттүн атайы өкүлү Курбанбай Искандаров баштаган делегация катышты.

Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлагандай, 10-20-апрелде өткөн жолугушууда "чек ара тилкесин делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча позицияны макулдашуу боюнча учурдагы маселелер жана келечек пландар талкууланды".

Тараптар ортодогу коңшулук мамилелерди чыңдоо жана бул багыттагы биргелешкен иштерди активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым. Анын орчундуу тилкелериндеги чек ара сызыгы тактала элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG