Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

Макрондун штабы орусиячыл хакерлерди киберчабуулга айыптоодо


Эммануел Макрон
Эммануел Макрон

Франция президенттигине талапкер Эммануел Макрондун штабы Орусия менен байланышы бар хакерлердин чабуулуна кабылганын билдирип чыкты.

24-апрелде "Ассошиэйтед пресске" сүйлөп жатып Макрондун штаб башчысы Мунир Мажуби окуя декабрь айында болгонун айтты.

Айтымы, ошондон кийин киберкоопсуздук боюнча Trend Micro компаниясы иликтөө жүргүзүп, электрондук шпионаж иретинде 160 чабуул болгонун аныктаган. Анын артында АКШ чалгын кызматы орусиялык чалгынчылар колдонот делген Pawn Storm, Fancy Bear жана башка аттуу хакерлер тобу турган.

"Бул олуттуу нерсе, бирок, коркунучка кептей турган эчтемке болгон эмес", - дейт Мажуби.

Trend Micro маалымдагандай, хакерлер Макрондун кызматкерлеринин веб-паролдорун чогултмакка атайын жасалма сайт ачышкан.

Өткөн жылкы АКШдагы президенттик шайлоодо да демократтардын электрондук почталарын талкалаган деп орусиячыл хакерлерди айыпташат.

Орусия мындай айыптоолорду четке кагып келет.

Францияда 23-апрелде президенттик шайлоо өткөн. Анда Евробиримдиктин бекем болушуна кызыкдар Эммануел Макрон (23,75%) экинчи турга чыккан. Эми аны менен өлкөсүн Евробиримдиктен чыгарууну, Орусия менен кызматташууну каалаган Марин Ле Пен (21,53%) атаандашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG