Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:30

Байсалов кыргыз президентинин түркиялык Elektromed Elektronik ишканасында үлүшү болгон эмес деп билдирди


Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

Коомдук ишмер Эдил Байсалов 25-апрелде Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, президент Алмазбек Атамбаевдин Түркиядагы мүлктөрүнүн сатылышы боюнча расмий маалыматты четке какты. ​

12-апрелде президенттин маалымат кызматы Атамбаев 2003-жылы Түркиядагы компаниядагы 90% үлүшүн 35 миллиондой долларга сатканын экинчи ирет билдирген. Ошондой эле "мурда ишкана “Gulcanlar Elektrik Elektronik” деп аталып, ал эми 2002-жылы “ELEKTROMED ELEKTRONİK” деп аталып калган" деп айтылган.

- Gulcanlar мурун эле болуп келген. Башка фирма болгон. Атын өзгөртүп Elektromed болуп калды дегени бул толугу менен жалган. Муну материалдык далил менен көрсөтө алдык. Бул жалган болуп чыккандан кийин президенттин Elektromed деген компаниялардын 90% ээлик кылгам, ошон үчүн ошол жерден эбегейсиз байлык күткөм дегени да жалган болуп чыкты – деди Байсалов маалымат жыйында.

Байсалов колундагы документтерге таянып, буга чейин президенттик аппарат ырастагандай, Атамбаевдин үлүшү Elektromed Elektronik ишканасында эмес, Gulcanlar Elektrik Elektronik деп аталган компанияда болгонун, аны 2003-жылы 45 миллиард түрк лирасына сатканын билдирүүдө. Мурда эсептегендей 45 млрд түрк лирасынын ал кездеги курсу 27 миңдей эле доллар болгонун айтат.

Байсаловдун мындай билдирүүсүнөн кийин президенттик аппараттын маалымат саясатынын башчысы Алмаз Үсөнов Фейсбук баракчасы аркылуу жооп кайтарды.

- Байсалов өзүн жана башкаларды адаштырууда. “Gulcanlar Elektrik Elektronik” ишканасы 2002-жылдын декабрында Атамбаевдин үлүшү сатылган соодадан кийин «ELEKTROMED» холдингинин менчигине өткөн жана аты өзгөртүлгөн - деген Үсөнов Атамбаев ишканасын саткандан 35 млн доллардай киреше тапканын эскертет.

Ал Байсалов өзү 2010-жылдын апрелинен кийин байлыгын кантип көбөйткөнүн, Бишкектеги жана Ысык-Көлдөгү үйлөрдү, жер тилкелерин кайсы каражатка алган деп суроо салат.

Быйыл 5-апрелде президенттик сайтка маалымат чыгып, анда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, ага 2003-жылы январда Түркиянын Измир шаарындагы өнөр жай ишканасындагы өзүнө таандык акциялар пакетин түркиялык ишкерге ошо кездеги 45 млрд түрк лирасына, же ал кездеги курс менен 35 млн долларга сатканын күбөлөндүргөн документтерди бергени маалым болгон. (BkA/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG