Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:08

Гутерреш: Йеменде ар он мүнөттө бирден бөбөк өлүүдө


Антонио Гутерреш
Антонио Гутерреш

Йемендеги ачкачылыкты токтотуу үчүн каржылоону көбөйтүү керек. Ушу тапта ар он мүнөт сайын беш жашка чыга элек бирден бала ачкалыктын айынан өлүүдө. Бул тууралуу 25-апрелде Женевада донордук жыйында Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерреш билдирди.

Ал ошондой эле өлкөдөгү согушкан эки тарапты гуманитардык жардам жеткирүүгө шарт түзүүгө чакырды.

Йемен премьер-министри Ахмед бен Дагер алар өлкөнүн бир бөлүгүн гана көзөмөлдөөрүн, гуманитардык жардам жеткирүүгө ачыктыгын билдирүүдө.

Баш катчынын айтымында, ушу тапта 19 миллионго жакын адам же Йемен калкынын үчтөн экиси батыл жардамга муктаж.

Гутерреш зарыл болгон жардамдын 15% гана чогулганын, муктаждыкты толук чечиш үчүн 2,1 млрд доллар керектигин белгиледи.

Йемен эки жылча убакыттан бери өкмөттүк күчтөр менен шиит козголоңчуларынын согушун баштан кечирүүдө. Андан ушу кезге чейин кеминде 10 миң адам өлгөнү кабарланат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG