Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:02

Үсөнов: Байсалов өзүн да, башкаларды да адаштырууда


Алмаз Үсөнов.
Алмаз Үсөнов.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү коомдук ишмер Эдил Байсаловдун кыргыз президентинин мүлкүнө байланыштуу 25-апрелде Бишкектеги маалымат жыйында айткандарын четке кагууда.

Бөлүм башчы Алмаз Үсөнов Facebook баракчасына "Байсалов өзүн жана башкаларды адаштырууда. “Gulcanlar Elektrik Elektronik Ve Mobilya Sanayi Ticaret Ltd Sti” ишканасы 2002-жылдын декабрында А.Ш.Атамбаев өзүнүн үлүшүн сатканда «ELEKTROMED» холдингинин менчиги болуп калган жана кайра аталган.

...А.Атамбаевден электр приборлорун чыгаруу ишканасын сатып алгандан кийин «ELEKTROMED» холдинги 2003-жылдын февралында Измирде өз филиалын ачкан. Сөз бир эле ишкана тууралуу жүрүп жатканы түшүнүктүү да. Биздин маалымат боюнча бүгүнкү күндө Измирдеги ишкана “ELEKTROMED ELEKTRONİK SANAYİ VE SAĞLIK HİZMETLERİ A.Ş.” деп аталат” деп жазды.

Байсалов 25-апрелде Бишкекте маалымат жыйын куруп, президенттин басма сөз кызматы 12-апрелде тараткан өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин Түркиядагы Elektromed Elektronik ишканасында үлүшү болгону тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын айткан.

Ал Түркияга барып, бул өлкөнүн Соода реестр гезитинен Gulcanlar Elektrik Elektronik жана Elektromed Elektronik эки башка ишкана деген документтерди алганын кошумчалаган.

Байсалов колундагы документтерге таянып, буга чейин президенттик аппарат ырастагандай, Атамбаевдин үлүшү Elektromed Elektronik ишканасында эмес, Gulcanlar Elektrik Elektronik аталышындагы компанияда болгонун, аны 2003-жылы 46 миллиард түрк лирасына сатканын билдирген.

Быйыл 5-апрелде президенттик сайтка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, ага 2003-жылы январда Түркиянын Измир шаарындагы өнөр жай ишканасындагы өзүнө таандык акциялар пакетин түркиялык ишкерге ошол кездеги 45 млрд түрк лирасына, же ал кездеги курс менен 35 млн долларга сатканын күбөлөндүргөн документтерди бергени маалым болгон.

11-апрелде коомдук ишмер Эдил Байсалов бул сандарды өз алдынча эсептеп чыгып, Атамбаевдин үлүшү сатылган 45 млрд түрк лирасы 2003-жылы 35 млн доллар эмес, 27 миң доллардай акча болгонун жазып чыккандан кийин бул маселе интернет колдонуучуларынын арасында кызуу талкуу жараткан.

12-апрелде президенттин маалымат кызматы кайрадан кабар таратып, кыргыз президенти 2003-жылы Түркияда жайгашкан компаниядагы 90% үлүшүн 35 миллионго жакын АКШ долларына сатканы ырас экенин кайталап, 5-апрелдеги маалыматта “ишкананын рыноктук наркы жана анын уставдык капиталы боюнча түшүнүктөрдү атайылап эмес чаташтыруунун, демек, негизсиз теӊдештирүүнүн натыйжасында ката маалымат кетип калганы” үчүн кечирим сураган. Ошондой эле "мурда ишкана “Gulcanlar Elektrik Elektronik Ve Mobilya Sanayi Ticaret Ltd Sti” деп аталып, ал эми 2002-жылы декабрда “ELEKTROMED ELEKTRONİK SANAYİ VE SAĞLIK HİZMETLERİ A.Ş” деп аталып калган" деген. (BkA/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG