Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Питер терактын Бишкектеги кол салууга тиешеси барлар уюштурганы айтылууда


Теракттан өлгөндөрдү эскерүү. Санкт-Петербург
Теракттан өлгөндөрдү эскерүү. Санкт-Петербург

Санкт-Петербургдагы жардырууну Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине кол салууга тиешеси барлар уюштурганы айтылууда. Бул тууралуу Газета.ru сайты өзүнүн жаңы иликтөөсүндө жазды.

Анда Питердеги жардырууну "Абу Салах ал-Узбеки" деген каймана ат менен белгилүү болгон “Таухид вал-Жихад” тобунун лидери уюштурган болушу ыктымалдыгы жазылган. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына караганда, анын өз аты Сирожиддин Мухтаров. Ал Ош облусунун Кашкар-Кыштак айылында туулган. Ошондой эле ал Кытай элчилигинде болгон жардырууну уюштурганы үчүн Интерпол аркылуу изделип жатканы, бул уюмдун сайтында Мухтаров Кыргызстан жараны экени, ал терактка, терроризмди каржылоого, документ жасоо, чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө жана кылмыштарды уюштурууга шектелип жатканы белгиленген.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети "Азаттык" радиосуна бул иликтөө боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.

3-апрелде Санкт-Петербург метросундагы 15 адамдын өмүрүн алган жардыруу боюнча кармалгандардын көбү борборазиялык экени буга чейин кабарланган. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти бир да топ өзүнө алган жок.

30-августта Бишкекте Кытай элчилигинин имаратына жанкечти машине менен сүзүп кирип, өзүн жардырган. Андан өзү мүрт кетип, элчиликтин үч кызматкери жараат алган. Улуттук коопсуздук комитети жардыруунун бети ачылганын, буюртма бергендер Сирияда согуштук аракетке катышканы, алар “Жабхат-ул-Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү экени маалымдаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG