Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:36

Арстанбаптын Долоно айылында жолго көчкү түштү


Арстанбап айыл өкмөтүндө түшкөн жер көчкү. 24-апрель, 2017-жыл.
Арстанбап айыл өкмөтүндө түшкөн жер көчкү. 24-апрель, 2017-жыл.

600 кожолук жашаган Арстанбап айыл аймагынын Долоно айылын район борбору менен байланыштырган жолго 26-апрелде саат 06:00дө жер көчкү түшүп жабылган.

Бул тууралуу айыл өкмөт башчысынын орун басары Барпы Кыпчаков “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, айыл менен Арстанбапка каттачу айланма жол бар. Бирок негизи жол жабык болгондуктан, унаалар артка кайтууда. Учурда Дашман мамлекеттик коругунун техникалары көчкү жүргөн аймакта тазалоо ишин жүргүзүп жатат.

Жер көчкү Каба жана Жай-Терек токой чарбаларынын арасындагы жол тилкеге түшкөн. Анын болжолдуу көлөмү такталууда. Адам өмүрүнө зыян алып келген эмес.

24-апрелде Арстанбап айыл өкмөтүндө көлөмү 300 куб метр жер көчүп, булактан суу түтүгүн тартып жаткан төрт кишини басып калган. Бир кишинин сөөгү табылып, бир адам ооруканага бара жаткан жеринен каза болгон. Оор акыбалда ооруканага жеткирилген эки адамдын дагы бирөө 25-апрелде көз жумган. (RsK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG