Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:25

Жогорку Кеңеште өкмөттүн отчетун угууга байланыштуу талаш чыкты


Премьер-министр Жогорку Кеңеште баяндама жасап жатат. 27-апрель, 2017-жыл
Премьер-министр Жогорку Кеңеште баяндама жасап жатат. 27-апрель, 2017-жыл

Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн отчетун угуу боюнча кайым айтышты. “Бир бол” фракциясынын депутаты Аскар Шадиев өкмөттүн отчетун буга чейин коалициялык көпчүлүк, фракция, комитеттер караганын, ошол себептүү талкуулоону кыскартуу зарылдыгын айтып чыкты. Буга “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов каршы пикирин билдирип, суроосу барларга уруксат берүү керектигин билдирди. Натыйжада ар бир фракцияга, лидерлерине өзүнчө убакыт берилмей болду. Убакытты кыскартуу боюнча талаш бүгүн эртең менен отчет берүүнүн башында дагы жаралып, көпчүлүк эл өкүлдөрү колдогон эмес.

Бүгүн Жогорку Кеңеште Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт өкүлдөрү 2016-жылда аткарылган иштер туурасында отчет берүүдө. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG