Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:18

АКШ Пхеньянга өзөктүк куралдан баш тартуусу үчүн басым жасоону улантат


25-апрелде Түндүк Корея улуттук армиянын 85 жылдык мааракесин белгиледи.
25-апрелде Түндүк Корея улуттук армиянын 85 жылдык мааракесин белгиледи.

Вашингтон эл аралык санкцияларды катаалдантуу жана дипломатиялык басым көрсөтүү менен Түндүк Кореяны өзөктүк жана баллистикалык программаларын токтотууга мажбурлоону максат кылууда. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын жооптуу кызматкерлери билдиришти.

Ак үйдөгү расмийлер Сенаттын бардык курамы үчүн 26-апрелде атайын брифинг уюштуруп, аскерий эскалацияны күчөтпөө үчүн АКШ администрациясы Түндүк Корея менен сүйлөшүүлөргө ачык экенин билдиришти.

Соңку апталарда Вашингтон Пхеньянга анын өзөктүк программларына байланыштуу бир катар эскертүүлөрдү жасап, аны менен бирге аскерий аракеттерди да четке какпай келген.

Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон, коргоо министри Жим Мэттис жана Улуттук чалгын кызматынын башчысы Дэн Коутс Түндүк Корея АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратып жатканын айтышты.

- Кошмо Штаттар туруктуулукту жана Корей жарым аралын тынч жол менен өзөктүк куралдан арылтууну көздөйт. Биз мурдагыдай эле бул максатка жетүү үчүн сүйлөшүүлөргө даярбыз. Ошол эле маалда биз мурдагыдай эле өзүбүздү жана союздаштарыбызды коргоого даярбыз, -дешти Трамптын администрациясынын өкүлдөрү.

Түндүк Корея баш-аягы беш өзөктүк сыноо өткөргөн. Алардын үчөө азыркы лидер Ким Чен Ындын учурунда ишке ашты. Пхеньян ошондой эле жыл башынан бери бир нече ирет баллистикалык ракеталарын учуруп, алардын кеминде үчөө Жапон деңизине түшкөн. 16-апрелдеги акыркы ракета сыноосу ийгиликсиз аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG