Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:12

Баш прокурор Zanoza.kg сайтын сотко берди


Баш прокурор Индира Жолдубаева президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркын, ар-намысын коргоп Zanoza.kg сайтын сотко берди.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна сайттын журналисти Нарын Айып билдирди:

- 30-мартта биздин сайтта акыйкатчы өткөргөн жыйын тууралуу жаңылык чыккан. Ал жаңылыкта Чолпон Жакупова "бул адамды кимдир бирөө токтотушу керек го" деп айткан. Жаңылык азыр да сайтта турат. Жоопкерлер төртөө: сайтыбызды негиздеген "Промедиа" фонду, аны түптөгөн мен жана Дина Маслова, Чолпон Жакупова. Ар бир жоопкерден 3 млн сомдон талап кылынып жатат. Баары биригип 12 млн сом. Доонун суммасы чоң болгондуктан, аны камсыз кылуу үчүн судья Кымбат Архарова үчөөбүзгө тең "Кыргызстандын аймагынан чыкпаш керек", ал эми Жакупованын "мүлкүн камаш керек" деген аныктама чыгарыптыр.

Бул маалыматты Башкы прокуратуранын маалымат кызматы тастыктап, доо арыз 20-апрелде Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жөнөтүлгөнүн билдирди.

"Адилет" клиникасынын ысымы аталып жаткан жетекчиси Чолпон Жакупова пикир үчүн айыптоо адам укугуна каршы келет деп эсептеди.

Zanoza.kg сайтына байланышкан бул жаңы иш боюнча соттун биринчи отуруму 2-майга белгиленгени айтылууда.

Март айында Башкы прокуратура президенттин кадыр-баркы менен ар-намысын коргоп Zanoza.kg сайтына карата үч арыз, апрелдин башында дагы бир арыз жазган болчу.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG