Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:47

Өзгөн: көчкү алдында калган эки кыздын сөөгү табылды


Көчкү жүргөн жер.
Көчкү жүргөн жер.

Өзгөндүн Аюу айылындагы жер көчкү басып калган эки кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу кырсык болгон жерде жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы билдирди. Маалыматка ылайык, алар айыл тургуну Абдисалам Ризабаевдин он эки жана эки жаштагы кыздарынын сөөктөрү экени аныкталды.

29-апрелде эртең менен Оштун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, жети үйдү басып калган. Жер көчкү алдында калган алты үйдө 24 адам болгон.

Бүгүн эртең менен кыламык кар жаап, жер баткак жана суу болгонуна байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Бирок көчкү түшкөн жердин жогору жагына суу топтолуп калып, айылды каптоо коркунучу жаралгандыктан, куткаруучулар суунун нугун буруу үчүн көчкү жүргөн жерден арык кылып казуу иштерин жүргүзүп жаткан. Сөөктөр ошол учурда табылган. Учурда издөө иштери толук жанданып, ага 275 адам катышууда. (YI)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG