Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:33

Өзгөн районунда дагы 11 үйдү көчкү басып калды


Өзгөндүн Аюу айылы.
Өзгөндүн Аюу айылы.

30-апрелде Өзгөндүн Жалпак-Таш айыл аймагындагы 11 үйдү жер көчкү басып калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы “Азаттык” радиосуна билдиргендей, киши өмүрүнө зыян келген жок. Тургундар күн мурун коопсуз жайларга көчүшкөн. Учурда жашоочуларга 15 чатыр тигилген.

Жер кыртышы жылган аймакта жалпысынан 61 турак жай бар. Андан тышкары, көчкү коркунучу мектепке, балдар бакчасына, ФАПка жана мечитке коркунуч жаратууда.

Адистер жаан-чачынга байланыштуу ушул күндөрү тоолуу аймактарда көчкү жүрүшү ыктымалдыгын, дарыяларда суу ташкындарын эскертип жатышат.

29-апрелде эртең менен Оштун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү жети үйдү басып калган. Топурак алдындагы турак жайларда 24 адам болгон. Үчөөнүн сөөгү жекшемби күнү табылды. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG