Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Меңдиш Өмүралиевге «Орусия сыймыгы» наамы берилди


9-майдагы Жеңиш парады.
9-майдагы Жеңиш парады.

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында Улуу Ата Мекендик согушта эрдик көрсөтүп курман болгон Меңдиш Өмүралиев эскерилди. Иш-чарага Орусиядан келген делегаттар катышып, Өмүралиевди «Орусия сыймыгы» ордени менен сыйлады. Сыйлык маркумдун жакындарына тапшырылды.

Наамды ыйгаруу чечимин Советтер Союзунун баатырлар ассоциациясы кабыл алганын орусиялык генерал-майор Николай Ливанов билдирди. Меңдиш Өмүралиев майданга 30 жашында кетип, баатырларча курман болгон. Сөөгү 2013-жылы Орусиянын Ржев районунда табылып, Кыргызстанга былтыр алынып келинген. Ал 1910-жылы Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылында туулган.

Расмий маалымат боюнча, 1941-45-жылдарда Улуу Ата Мекендик согушка 360 миңден ашуун кыргызстандык катышкан. Алардын 160 миңге чукулу кайткан эмес. 56 миңден ашык кыргызстандык жоокер дайынсыз жоголгон.

2011-жылдан бери Орусиянын Коргоо министрлиги жана “Мемориал” коомунун жардамы менен 1200дөн ашуун кыргызстандыктын сөөгү көмүлгөн жер табылган. Быйыл 9-майда Жеңиштин 72 жылдыгы белгиленет. (AlS/NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG