Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:06

Чоң-Алай: жер титирөөдө дубал кулап, бир адамды басып калды


Чоң-Алайдагы жер титирөө, 3-май, 2017
Чоң-Алайдагы жер титирөө, 3-май, 2017

Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунда жер титирөө учурунда сарайдын дубалы кулап бир адамды басып калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, аны жергиликтүү тургундар куткарып калышкан. Мындан сырткары үйдө жалгыз калып, жер титирөөдө чочуган эки кызга медициналык жардам көрсөтүлдү.

3-май күнү саат 10:47де катталган жер титирөөнүн кесепетинен Чоң-Алайдагы Жекенди айыл аймагынын Карамык айылында 10 турак үйдүн дубалынан жарака пайда болгон. Алар мындан ары жашоого кооптуу деп табылды. Бир оорукананын имараты пайдаланууга жараксыз болуп калса, бала бакча, мектептин дубалдарынан жарака кетип, орто деп бааланган.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматовдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, жер титирөөнүн очогу Алай районунан күн-батыш тарапты көздөй 30-40 чакырым алыстыкта орун алган. Анын күчү очогунда 6-7 баллга жеткен. Исфара, Ош, Баткенде 3-4 балл, Бишкекте 2-3 баллдык силкинүү байкалган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG