Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Жер силкинүү Чоң-Алайда 70 имаратты жарактан чыгарды


215 үйдө майда жаракалар пайда болду.
215 үйдө майда жаракалар пайда болду.

Очогу кыргыз-тажик чек арасында болгон жер титирөөдөн Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагындагы 66 турак жай, бир мектеп, эки ФАП жана бир почта имараты авариялык абалга кептелди. 215 үйдө майда жаракалар пайда болду. Тоодон таш кулап, бир кишинин жүздөн ашуун койлору өлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жеринде райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин улантууда. Жарандар өздөрүндө болгон чатырларда жана боз үйлөрдө баш калкалап жатышат.

3-май күнү 10:47де 7 баллга жакын жер силкинген. Очогу Тажикстандын аймагында катталган. Он беш мүнөттөй өтүп ошол эле аймакта дагы 4 баллдан ашкан термелүү болгон. Кечинде эки жолу, түндө бир жолу кайра силкинип, күчү 2,5 - 5,5 баллга жеткен. Термелүү күчү Кыргызстандын көпчүлүк облустарына байкалган.

Кадамжай районунда да бир бала бакча, төрт мектеп жана бир эмкананын дубалдарына жарака кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 4-майда жабыркагандарга беш орундуу 100 даана чатыр жөнөттү. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG