Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

Текебаевдин тарапкерлери нааразылык акциясына чыгышты


Базар-Коргондогу нааразылык акциясы. 4-май, 2017-жыл.
Базар-Коргондогу нааразылык акциясы. 4-май, 2017-жыл.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман айылында, Ош-Бишкек жолунун боюнда камактагы депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлеринин нааразылык акциясы өтүүдө. Алар жол жээгине эки боз үй тигип алышкан. "Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, депутаттын 100дөй жактоочусу аны үй камагына чыгарууну талап кылып жатышат.

Чогулгандардын бир тобу жол жээги менен "Ата Мекен" партиясынын желегин жана Өмүрбек Текебаевдин сүрөттөрүн кармап, бир чакырым аралыкка чейин жөө басышты.

Бүгүн Бишкек шаардык соту Текебаевдин баш коргоо чарасын кароону 16:00гө белгилеген.

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев "Мегаком" компаниясына байланыштуу жемкорлукка шектелип, 26-февралда кармалган жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына эки айга камалган.

21-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын абактагы мөөнөтүн дагы бир айга узарткан. Буга нааразы болгон адвокаттары шаардык сотко апелляциялык арыз жазышкан. Тергөөдө жыйналган материалдардын негизинде Текебаевге Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) боюнча айыбы угузулган. Ага байланышы бар деп мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов да кармалып, сот ага да Текебаевге чыгарылгандай чечим кабыл алган. “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү бул ишти саясий негиз катары баалап, саясатчыларды камактан бошотууну талап кылып келет. (RsK/NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG