Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:45

Кыяс Молдокасымов "Мурас" фондуна жетекчи болду


Кыяс Молдокасымов.
Кыяс Молдокасымов.

Белгилүү тарыхчы илимпоз Кыяс Молдокасымов Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратына караштуу "Мурас" коомдук фондунун жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков 4-майда кол койгонун аталган фонддон билдиришти.

Буга чейин фондду тарыхчы окумуштуу Тынчтыкбек Чоротегин башкарып келген, Молдокасымов анын орун басары болуп иштеген. Чоротегин кесиптешине кызматын өткөрүп, анын коомдук фонддун ишин жигердүү жана демилгелүү башкарып кетээрине өз ишеничин билдирди.

"Мурас" фонду 2012-жылы тузүлгөн. Ага Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурастарын тереңдеп үйрөнүү, көп улуттуу калктын биримдигин чыңдоо үчүн шарттарды түзүү, кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү, атуулдук, маданий жана гуманитардык тармактарда эл аралык байланыштарды өнүктүрүү милдети жүктөлгөн.

Тарыхчы жана журналист, тарых илимдеринин кандидаты Кыяс Молдокасымов 1998-2005-жылдары "Азаттык" үналгысынын Бишкектеги бюросун, 2005-2007-жылдары КТРКны (ал кездеги УТРКны), 2008-жылдын июнунан 2010-жылдын майына чейин "Кыргыз Туусу" гезитин жетектеген. (NT)

XS
SM
MD
LG