Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:03

Навальныйдын тарапкерлери үгүт акциясын өткөрүп жатат


Орусиянын бир нече шаарында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын үгүткө арналган “Чоң ишембилик” деп аталган акциясы өтүп жатат. Акция жүрүшүндө саясатчыны кийинки жылдагы президенттик шайлоого үгүттөөчү баракчалар таратылууда.

Навальныйдын тарапкерлери Иркутскиде акцияга катышкан беш активист кармалып, үгүт материалдары жок кылынганын кабарлашты. Саясатчынын Уфадагы штабы жайгашкан имаратта кечээ кечинде полиция тинтүү жүргүзгөнү белгилүү болду.

Мындан башка бир нече шаарда тинтүү болгонун оппозициячынын командасы кабарлады.

Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун жетекчиси, оппозициялык саясатчы Алексей Навальный 25 күндүк административдик жазасын өтөп, кечээ атайын кармоочу жайдан чыккан. Ал 2018-жылдагы президенттик шайлоого катышарын билдирип келет. Орусия боюнча 60тан ашуун шаарда штабдары ачылды.

XS
SM
MD
LG