Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Спорт: Айпери Медет кызы жаштар арасында дүйнө чемпиону болду


Кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону Айпери Медет кызы. 4-август, 2017-ж. Финляндия.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону Айпери Медет кызы. 4-август, 2017-ж. Финляндия.

Кыргызстандык Айпери Медет кызы ушул күндөрү Финляндиянын Тампере шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугунда жеңүүчү аталды. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Медет кызы 4-август күнү кыз-келиндер күрөшүнөн 72 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, жалпысынан төрт беттеш өткөрдү.

Алгач 1/8 финалда швециялык Денис Сабина Макота Строемди беттештин төртүнчү мүнөтүндө килемге таза басып, мөөнөтүнөн мурда жеңип алды. Чейрек финалда италиялык Еллени Пьоллайды 8:0 эсебинде утту. Жарым финалдык таймашта орусиялык Кристина Шумованы 26 секунддун ичинде жеңилүүгө мажбур кылып (10:0), алтын байге үчүн күрөшкө чыккан.

Финалда Айпери Медет кызы жапониялык балбан кыз Ясуха Мацуюки менен таймашып, аны 8:6 эсебинде жеңип, алтын медал тагынды.

Медет кызы былтыр кадеттер арасында өткөн дүйнө чемпиондугунда дал ушул Ясуха Мацуюкиге 7:2 эсебинде жеңилип, күмүш медал тагынган.

Финляндияда өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунда буга чейин күрөштүн ушул эле түрүнөн Мээрим Жуманазарова (67 кг.) менен эркин күрөшчү Акбар Кенжебек уулу (50 кг.) коло медал тагынган.

5-августта грек-рим күрөшү боюнча таймаштар башталат. Мелдештер 6-августта аяктайт. (ECh).

XS
SM
MD
LG