Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Шайлоо-2017: Текебаевдин юристтери БШКнын үстүнөн сотко кайрылышты


БШК.
БШК.

Кыргызстандагы оппозициячыл партиялардын бири болгон "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин юристтери БШКнын 17-августтагы чечимин мыйзамсыз деп табууну өтүнүп, Бишкектеги райондор аралык сотко кайрылышты. Юрист Канатбек Азиздин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, сотко арыз 19-августта тапшырылды:

- Бул чечимди БШК Текебаев кыргыз тилинен тест тапшыргандан кийин шашылыш түрдө жыйын куруп, кабыл алды. Анткени, ага чейин 38 миң 643 колдун ичинен 30 миң 607 кол жарактуу деп табылып, кабыл алынган болчу.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 17-августта Өмүрбек Текебаев топтогон кол тамгалар жараксыз деген чечим чыгарган.

“Атамекенчилер” ачкачылык жарыялашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:26 0:00

Мындай чечимдин кабыл алынышына топтолгон 30 миңден ашуун кол тамганы чогултууда шайлоо мыйзамдары сакталбаганы себеп болгону айтылган.

Депутат Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чыры боюнча айыпталып, быйыл 25-февралда кармалган. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында жаткан Текебаев президенттик шайлоого катышуу үчүн арызын тапшырган.

16-август күнү Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновду айыптуу деп таап, ар бирин 8 жылдан эркинен ажыраткан. Текебаев болсо өзүнүн жана партиялашы Чотоновдун соттолушун бийликтин саясий куугунтугу деп эсептеп, өздөрүнүн ак экендигин баса айтып келет.

Президенттикке талапкер катары расмий катталууга ниеттенген Текебаев 17-август күнү мамлекеттик тил сынагын убактылуу абакта жатып ийгиликтүү тапшырган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG