Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:45

Жол кырсыгына кабылган "КамАЗдын" айдоочусу эки айга камалды


Вице-премьер-министр Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Бишкек. 9-октябрь, 2017-жыл
Вице-премьер-министр Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Бишкек. 9-октябрь, 2017-жыл

Айдоочуну эки айлык мөөнөткө Бишкектеги №1 Тергөө абагына камоо тууралуу чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сейитов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, вице-премьер-министр Темир Жумакадыров баштаган үч кишинин өмүрүн алган автокырсыкты иликтөөнү ИИМдин тергөө кызматы колуна алды:

- Жол кырсыгы боюнча соттук-медициналык, автотранспорттук экспертизалар дайындалды. "КамАЗдын" айдоочусу адвокаттын катышуусунда көрсөтмө берди. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында атайын ыкчам тергөө-иликтөө иши жүрүп жатат.

7-октябрь күнү жол кырсыгынан вице-премьер-министр, Республикалык шайлоо штабынын башчысы, 38 жаштагы Темир Жумакадыров каза тапкан. Ал жол кырсыгы вице-премьер-министр менен кошо 30 жаштагы жардамчысы Нурлан Жамгырчиевдин жана 33 жаштагы айдоочусу Нурбек Мукановдун өмүрүн алды.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, вице-премьер-министр бараткан «Тойота Лэндкрузер» автоунаасы 7-октябрда таңкы саат 7:30да Бишкек-Чалдовар жолунун 36-чакырымында, Москва районунун Садовое айылында “КамАЗ” менен сүзүшкөн.
Темир Жумакадыров Талас облусундагы шайлоо участокторунун даярдыгын текшерүү үчүн бараткан.

Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш ишин козгогон.

"КамАЗдын" айдоочусу 25 жашта, Чүйдүн Панфилов районунун тургуну болот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG