Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:53

Атамбаев: Мумияны көмүү чечими туура эмес, жоопко тартылгандар болот


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинин казынасында сакталып келген байыркы мумиянын көмүлүшүн туура эмес чечим болгон деп эсептейт. Бул тууралуу ал 15-октябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди:

- Менимче, бул чоң ката. Окуп алып кайгырдым. Өзүн калп эле мусулманмын дегендер пайгамбардын сөзүн унутуп жатышат. Мухаммед пайгамбар бизге айткан күчтүү насааттардын бири “Билимге бир саат берсең түнү менен намаз окуганга барабар, билимге бир ай берсен үч ай орозо кармаган менен барабар” деген сөздөрүн унутуп, жанагыдай бакшыларды угуп... Билбейм, кандай болуп кетти. Мен кайгырып жатам. Бул туура эмес нерсе. Болгон иш болду. Көрөбүз, эми жоопкерчиликке тартылгандар деле болот го.

1970-жылдардан бери борбордук тарых музейинде турган мумия Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мыктым-Гөр деген жерге 14-октябрда коюлду. Окумуштуулардын маалыматы боюнча, белгисиз кыздын мумиясы 1959-жылы Баткен аймагынан табылган. Кийинчерээк көмүлгөн жеринен казылып алынып, музейге алынып келинген.

Айрым маалыматтар боюнча ал 4-5-кылымдарга таандык.

Мумияны кайра жерге көмүү демилгесин бир катар коомдук уюмдар көтөрүп чыгышкан. Маданият министрлиги бул маселени карап, 12-октябрда кайра ордуна алып барып көмүү чечимин чыгарган.

Мумияны жерге көмүү иш-чарасына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айрым окумуштуулар катышты. Бирок көпчүлүк археолог жана илимпоздор бул чечимге каршы чыгышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG