Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:18

Сирияда Орусиянын согуштук учагы атып түшүрүлдү


Сириянын Идлиб провинциясында атып түшүрүлгөн орусиялык учак. 3-февраль, 2018-жыл.
Сириянын Идлиб провинциясында атып түшүрүлгөн орусиялык учак. 3-февраль, 2018-жыл.

Сирияда кыйраган Су-25 согуштук учагынын учкучу парашют менен жерге түшкөндөн кийин өлтүрүлгөн болушу мүмкүн. Бул тууралуу Conflict Intelligence Team (CIT) көз карандысыз иликтөөчүлөр тобу билдирди. Аталган топ маркумдан табылган документтер менен жеке куралынын сүрөтүн алганын маалымдады.

Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги учкуч террорчулар менен салгылашта мерт кеткенин жарыялаган.

"Новая газета" басылмасы Коргоо министрлигиндеги булакка таянуу менен набыт болгон майор Роман Филиппов Симферополдон экенин, мурдагы украин армиясында кызмат өтөгөнүн жазып чыкты.

Су-25 согуштук учагы 3-февралда Сириянын Идлиб провинциясында атып түшүрүлгөн, учкуч катапультация болгону айтылган. Орусия тарап учак зениттик-ракеталык комплекс менен атылган деген божомол бардыгын айтууда.

XS
SM
MD
LG