Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Экс-президент Отунбаева Бээжинде Айтматов кечесине катышты


Чыңгыз Айтматовдун китептери.
Чыңгыз Айтматовдун китептери.

Бээжин шаарында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу кече өттү. Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду кабарлады.

Аземге Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) баш катчысы Рашид Алимов, Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, ШКУнун курамындагы өлкөлөрдүн элчилери, дипмиссиялардын өкүлдөрү, Кытайдын бийлик өкүлдөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери катышты.

Алимов "кыргыз жана совет жазуучусу Айтматов кылымда бир жаралчу талант экенин жана цивилизациялар менен маданияттардын жарчысы болгонун" белгиледи. Роза Отунбаева “Чыңгыз Айтматов келечекти көрө билген көсөм болгонун” айтты. Экс-президент ошондой эле жазуучу Кыргызстан менен Кытайдын эки тараптуу достук мамилесин чыңдоого да чоң салым кошконун кошумчалады.

Чыгармачыл кече Кытайдын борборундагы “Westin” мейманканасында өттү.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 2008-жылы дүйнөдөн кайткан. Көзү тирүү болгондо ал быйыл 90 жашка чыкмак. Айтматовдун 90 жылдыгы Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде белгиленүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG