Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

Эркебаев: Текебаевди бошотуу бийликтин колунда


Абдыганы Эркебаев.
Абдыганы Эркебаев.

Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуунун механизмдери бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев Бишкекте “Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдык мааракесине арналган иш- чарада сүйлөп жатып билдирди.

- Адамгерчилик кылып, туура эмес ишти түзөлтүп, Текебаевди абактын чыгарса болот эле. Жаңы бийлик келди, анын жолдору, механизмдери бар болчу. Мындай иштерди колдонуп чыгарса болот деп дагы айттым эле. Жогорку Кеңеш, азыркы президент чындап ниети болсо, жакшы максатты көздөсө ушул маселени чечип койсо болмок.

"Ата Мекен" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотонов "Коррупция" беренеси менен айыпталып, 2017-жылы сегиз жылга эркинен ажыратылган. Учурда ал ден соолугуна байланыштуу абактан ооруканага убактылуу которулган.

19-декабрдагы маалымат жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Текебаевди абактан бошотуу маселесине кийлигише албасын, бирок мыйзам боюнча ырайым берүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айткан. (КЕ)

Текебаевди абактан чыгаруу талабы
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:46 0:00

XS
SM
MD
LG