Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:04

Мэй башкаруудагы партиянын төрайымдыгынан кетерин жарыялады


Тереза Мэй.
Тереза Мэй.

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй 7-июнда консерваторлор партиясынын төрайымдыгынан кетерин жарыялады. Мэй жаңы лидер тандалгыча өкмөт башчынын милдетин аткара берерин айтты. Бул жараян бир нече жумага созулуп кетиши ыктымал.

Европа Биримдигинин колдоочусу катары белгилүү премьер кызматка 2016-жылы элдик референдумда көпчүлүк Брекзитти тандаган оңой эмес маалда келген.

Мэй «өлкөнү белгиленген убагында шаркеттен чыгарып кете алган жок» деген партиялаштарынын катуу кысымына туш болуп келди.

Эми анын лидерликтен кетиши партияны ким жетектейт деген маселени козгоду. Буга чейин Брекзиттин жактоочусу, мурдагы тышкы иштер министри Борис Жонсон фаворит катары аталып келген.

Британия биримдиктен 31-октябрда чыгып кетүүгө тийиш. Бирок бул мөөнөт парламент тарабынан дагы эле бекитиле элек.

XS
SM
MD
LG